<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Токон Бекеева, Мирулан Усенбаев</author>
<lyrics>[V1]
 Кел, замандаш, жүрөгүңдү ач,
 Теңирдин сөзүн лоокторуңа жаз.
 Биз бараткан жолдон адашпай,
 Бир тууганча катарымда бас.

[C1]
   Ал бизге жаңы өмүрдү тартуулап,
   Асманда түбөлүктүү шаң чыгат.
   Күнөөбүздүн баарын кечирип Кудай,
   Баарыбызды асырап алат уулундай...

[V2]
 Кел, тууганым, бирге бололу,
 Кудайдын назарында чогуу.
 Ийгиликтин ачкычы Анда,
 Анын эрки дайым жогору.</lyrics>
<title>Кел, замандаш</title>
</song>